Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 20-ноябры № 353
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн зарыл чечимдеринин долбоорлорун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде тийиштүү автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу жана киргизүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Сапарбаев Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Шаикова А.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Баяман Н.
| - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Жекшенов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы;
|
Абжапаров Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
Журабаева Г.К.
| - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетсеитов А.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттрк улуттук коопсуздук комитетинин
|
ЖакуповаЧ. | - "Адилет" укуктук клиника" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Шмите С. | - Бишкектеги ОБСЕ борборунун адам укугу боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
|
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин суроосу боюнча зарыл маалыматты тез беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н. Момуналиев |