Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 16-ноябры № 350
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 15-майындагы № 445 буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө жаран Р.Т. Керимбаеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Назарбеков Марат Рысбековичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан еткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |