Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 16-ноябры № 349
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 23-августундагы № 616 буйругун жараксыз деп таануу жөнундө жаран А.С. Токтоналиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Масалиев Исхак Абсаматовичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат метекчиси-министр |
Н. Момуналиев |