Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 16-ноябры № 348
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомунун 2-пунктун жараксыз деп таануу жөнүндө "Бишкек-Радио" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнундө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке, Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри Жунусов Ибрагим Кожоназаровичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |