Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 9-ноябры № 330
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин ишин, ошондой эле "Кант Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Р.В.Бихундун арызында айтылган маселелерди текшерүү жана изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Сагындыков Т.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти, комиссиянын төрагасы.
|
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Кыдыралиев М. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
|
ОсокеевТ.К. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Гайназаров Б.Б. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш башкы башкармасынын коррупцияга каршы күрөш башкармасынын оперкызматкери.
|
2. Комиссия жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча үч апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кароосуна сунуштарды киргизсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматтарды алууга укук берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |