Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 24-октябры № 316
Салмак-габариттик жана тоннелдик посттордун ишин текшерүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тийиштүү структуралык бөлүктөрүнүн күз-кыш мезгилге даярдыгына байланышкан маселелерди изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Уезбаев У.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Умаров Р. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармасынын коррупцияга каршы күрөш башкармасынын оперкызматкери;
|
Эсенгельдиев У.Ч. | - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти, техникалык директору (макулдашуу боюнча);
|
Калиев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын түпкү күбөлөндүрүүчү борборунун администратору.
|
2. Комиссия жүргүзүлген иштин жыйынтыгы жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тийиштүү структуралык бөлүктөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун арттыруу боюнча тийиштүү сунуштарды бир айдын ичинде киргизсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле керектуу маалыматтарды алууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аталган комиссияны тийиштүү автотранспорт каражат менен камсыздасын.
5. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары |
М. Мукамбетов |