Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 19-октябры № 286
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкердикке колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечиминин 2010-жылдын 6-8-апрелинде Бишкек шаарында болуп өткөн жалпы баш аламандыктардын жүрүшүндө "Народный" соода үйү" ЖЧКсына келтирилген зыяндын суммасын баалоо бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө "Народный" соода үйү" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын экономика министри Сариев Темир Аргенбаевичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |