Редакцияот 26.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2011-жылдын 25-сентябры № 172

"Ысык-Көл" инвестбанк" ААКнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арызы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Кенекеев Дайыр Атакуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткерүп берүү укугу менен берилсин.

 

Министр-Өкмөттүн

Аппарат жетекчиси

 

Н. Момуналиев