Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 17-ноябры № 210
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 12-майындагы № 251 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Т.К.Кыдыровдун, О.Г.Смолякованын, С.А.Сейдибалиевдин, А.Т.Балбыровдун жана башкалардын доо арызынын каралышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Аскарбек Алимбаевич Шадиев бардык сот жыйындарында, бардын сот инстанцияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кайра ишеним укугу менен ишеним кат берилсин.
Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |