Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 16-ноябры № 207
Кайыпов Сулайман Турдуевичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 23-августундагы № 408 буйругун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 5-августундагы № 14-01/1248 сунушун жана 1-сентябрындагы № 89/4 приказын мыйзамсыз жана жараксыз деп эсептөө, мурдагы жумушуна кайра орноштуруу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимди мыйзамсыз жана жараксыз деп эсептөө тууралуу доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратный жобосун жана түзүмүн бекитүү женүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Садыков Канат Жалиловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |