КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-январы № 7-б
"Ворух" тажик анклавынын жанында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын аскер кызматкерлери жана кызматкерлери үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 9 (тогуз) мобилдүү турак үйдү, анын ичинде 5 (беш) бир- бөлмөлүү, 4 (төрт) үч бөлмөлүү турак үйдү убактылуу пайдаланууга еткөрүп берсин, аларды ташууну жана орнотууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматкерлерин жана кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мобилдүү турак үйлөрдү белгиленген тартипте кабыл алууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- тамак-аш азыктарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу жана күтүлбөгөн чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 2014-жылы 1000000 (бир миллион) сом бөлүп берсин;
- 2014-жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мобилдүү турак үйлөрдү ташуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн каржылоону ыкчам тартипте
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев
|