Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-январы № 9-б
Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк акылар боюнча карыздарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Эл аралык электр байланыш союзуна, Дүйнөлүк почта союзуна, Байланыш жаатындагы региондук шериктештикке жана Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин алдындагы Маалыматташтыруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин координациялык кеңешине мүчөлүк акылар боюнча карыздарды атайын каражаттардын эсебинен жойсун.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |