КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-январы № 16-б
Бишкек шаарында 2013-жылын 11-июлунда кол коюлган "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга (ЭӨАнын насыясы N 50670-KG, ЭӨАнын гранты N Н7600-KG) ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыз почтасы" МИ) менен төмөнкүдөй шарттарда Субнасыялык макулдашуу түзсүн:
- насыянын суммасы - 2620 миң КАУ;
- гранттын суммасы - 1130 миң КАУ;
- насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюм - 1,0 пайыз;
- пайыздарды төлөө жыл сайын 15-январда жана 15-июлда жүргүзүлөт;
- насыянын негизги суммасы 44 бирдей бөлүктө төлөнөт, жарым жылда 1 жолу, жыл сайын 15-январда жана 15-июлда, мында насыяны биринчи жолу төлөө - 2022-жылдын 15-январы жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2043-жылдын 15-июлу;
- төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан баштап бул карызды толук төлөө күнүнө чейин кошо эсептегендеги финансылык санкциялар - жылдык 3 пайыз;
- насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссиялык төлөө жылына 0,5 пайыз өлчөмүндө;
- милдеттүү күрөөлүк камсыздоо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыз почтасы" МИ менен бирдикте белгиленген тартипте "Кыргыз почтасы" МИнин мүлктүк активин жана тийиштүү документтерди күрөө келишимин нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн күрөөгө берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |