Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-январы № 22-б
Үзгүлтүксүз транспорттук катнашты жана транспорттук көз каранды эместикти камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Рават жана Лейлек районунун Ак-Сай калктуу пункттарынын ортосундагы узундугу 25 км, V техникалык категориядагы шагыл таш автожолун долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчы катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Ак-Сай - Рават автомобиль жолунун курулушун 2014-жылга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражатынан каржылануучу мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизсин;
- Ак-Сай - Рават автомобиль жолунун курулушуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген сметалык-финансылык эсептерге ылайык көлөмдө каражат бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- Ак-Сай - Рават автомобиль жолунун курулушуна долбоордук жана курулуш иштерин параллелдүү аткаруу менен "актай барактан" баштап киришсин;
- Ак-Сай - Рават автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон каражаттын көлөмүн аныктасын;
- Ак-Сай - Рават автомобиль жолун куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражатты пайдалансын;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык жогоруда аталган автомобиль жолун куруу үчүн кеминде үч потенциалдуу подрядчылардын сунуштарын бир булактан консультациялык жана курулуштук кызмат көрсөтүү методу менен сатып алууну ишке ашырсын;
- жүргүзүлгөн сатып алуулардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин;
- курулуш аяктагандан кийин аталган автомобиль жолун түздөн-түз башкаруу укугу менен балансына кабыл алсын жана аны андан ары күтүүнү камсыз кылсын.
4. Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Ак-Сай - Рават автомобиль жолунун курулушуна жер участогун бөлүүнү белгиленген тартипте жүргүзүү сунушталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |