Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-февралы № 24-б
Ысык-Көл облусунун аймагында 2013-жылдын августунда сел агымдарынын натыйжасында бузулган гидрологиялык постторду калыбына келтирүү, суу ресурстарына үзгүлтүксүз гидрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттикке гидрологиялык постторду оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин 2014-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынан 8500000 (сегиз миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик:
- Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан гидрологиялык посттордо, анын ичинде Тосор (Кодол суусунун алабында), Кичи-Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Жыргалаң (Ак-Чий айылы) сууларында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзсүн;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |