КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-февралы № 27-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун ортосундагы Азия менен Европанын ортосунда жана негизги дүйнөлүк базарлардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү автотранспорт менен ташууну өнүктүрүү жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда каралган Меморандум күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 83-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |