Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 6-февралы № 31-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү жана аларды 2014-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 99000000 (токсон тогуз миллион) сом суммасындагы пайызсыз бюджеттик ссуданы төмөнкү шарттарда берсин:
бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - 2014-жылдын 1-октябрына чейин;
күрөөсүз камсыздоосуз;
төлөмдүн мөөнөтүн узарткандыгы үчүн финансылык санкциялар - мөөнөтү узартылган суммадан жылына 6,0 пайыз;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен бюджеттик ссуданы кайтаруунун шарттары тууралуу карыздык милдеттенме боюнча белгиленген тартипте келишим түзсүн;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдасын жана киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- бюджеттик ссуданы максаттуу арналышы боюнча - минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жумшасын;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарууну ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген шарттарды катуу сактоо менен камсыздасын.
3. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Бул буйрукту аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |