Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-февралы № 34-б
Амур облусунун аймагында 2013-жылдын июнь-октябрында суу ташкындын натыйжасында жабыр тарткан Россия Федерациясынын калкына жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылга республикалык бюджетте каралган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды суу ташкындан жабыр тарткан Россия Федерациясынын калкына финансылык жардам көрсөтүү үчүн жөнөтсүн;
- бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |