Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-февралы № 36-б
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-декабрындагы № 484 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мобилдик телерадиоберүү станциясына кайра жабдуу үчүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбору МИсынын" деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбору МИсына" деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын.
2. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |