Редакцияот 11.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-февралы № 40-б

1. Бишкек шаарында 2010-жылдын 6-ноябрында кол коюлган "Борбордук Азия үчүн туруктуу энергетика боюнча: энергиянын калыбына келтирилүүчү булактары - энергетикалык натыйжалуулук (RES-EE) программасы" боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууга карата № 1 толуктоонун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган Финансылык макулдашууга карата № 1 толуктоого принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев