Редакцияот 14.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 14-февралы № 45-б

Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 7200000 (жети миллион эки жүз миң) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев