Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-марты № 63-б
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын андан ары өнүктүрүү жана дыйкандарды айыл чарба техникасы менен камсыздоо максатында экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-польша комиссиясынын Польша Республикасы, Варшава шаарында 2013-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерге ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Жардам берүүгө байланышкан чектерде кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |