Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-марты № 65-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагындагы Барак эксклавынын тургундарына жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 1-сорттогу 10 (он) тонна унду брондон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагынын Барак эксклавынын тургундарына жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине "Перити Коал" жоопкерчилиги чектелген коомунан 50 (элүү) тонна көмүр сатып алуу үчүн 125000 (жүз жыйырма беш миң) сом бөлүнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмүрдү сатып алсын жана ун, көмүр түрүндөгү гуманитардык жардамды Барак эксклавына жеткирүүнү уюштурсун, ошондой эле 2013-жылдын түшүмүнөн алынган жүгөрү жана аштык буудай жүгүн Барак эксклавынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылдык аймагындагы "Беде-Үрөөн" үрөнчүлүк чарбасынын кампаларына ташып барууну жана коштоону уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте гуманитардык жүк тарткан автотранспорт каражаттардын Барак эксклавынын аймагына жана андан айыл чарбалык жүк менен Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүшүн уюштуруу маселесин Өзбекстан Республикасынын тиешелүү кызматтары менен иштеп чыксын жана чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Барак эксклавынын тургундарына 2014-жылдагы талаа жумуштарын жүргүзүүгө жардам көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- себүүчү аянттарды эсепке алуу менен айыл чарбалык өсүмдүктөрдүн тастыкталган үрөндөрүн алуу жана артыкчылыктуу тартипте берүү боюнча;
- сугат суу менен камсыздоо жана сугат тарамын 2014-жылдын вегетациялык мезгилине өз убагында даярдоо боюнча.
6. Төмөнкүлөр мамлекеттик тапшырыкчылар болуп аныкталышсын:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагынын Сары-Колот жаңы участогун электр менен жабдууну камсыздоо үчүн электр чубалгыларын долбоорлоо жана куруу боюнча - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана "Ош электр" ачык акционердик коому;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагынын Сары-Колот жаңы участогунун социалдык-экономикалык инфратүзүмүн куруу боюнча биринчи кезектеги чараларды камсыздоо үчүн чөнөк бургулоо, суу түтүктөр тарамын долбоорлоо жана куруу, жолдорду куруу боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чектерде:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган үрөндөрүн алуу боюнча чыгымдарын каржыласын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардамды жеткирүү жана айыл чарбалык продукцияны арналган жерине алып чыгуу боюнча чыгымдарын кошумча каржыласын;
- мамлекеттик тапшырыкчыларга ушул буйруктун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга 2014-жылдын республикалык бюджетинен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча финансылык каражат бөлүүнү караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2013 жана 2014-жылдарда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагынын Барак эксклавынын тургундарын Жыл-Келди - Барак - Жыл-Келди айылдарынын маршруту боюнча ташыган автотранспорт үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын сарпталышына байланышкан чыгымдарын компенсациялоого керектүү акча каражатын бөлүп берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы:
- гуманитардык жардамды жеткирүүгө жана айыл чарбалык продукцияны ташып чыгууга, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык аймагынын Сары-Колот жаңы участогунун социалдык-экономикалык инфратүзүмүн курууга тартылган министрликтерге жана ведомстволорго жардам беришсин;
- бөлүнгөн гуманитардык жардамдын Барак эксклавынын тургундарына даректүү бекер берилишин камсыздашсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |