Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-марты № 93-б
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Дастан" ААК) акцияларынын 98,463175675 пайызы инвестициялык конкурска чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө заводдун өндүрүшүн өнүктүрүү, жабдууларын модернизациялоо жана финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле аларды аткаруу мөөнөттөрү камтылган конкурстун шарттарынын долбоорун белгиленген тартипте бекитүү үчүн иштеп чыксын;
- сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин тизмегине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугусуз "Дастан" ААКнын акцияларын ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү түзүү, үчүнчү жактарга берүү, анын ичинде күрөөгө коюу жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү же башка чектөөлөрдү түзүү укугунан сатып алуучуну ажыратуучу жана заводдун багытын сактоо боюнча милдеттенмелерди караштырган кошумча шарттарды киргизсин;
- "Дастан" ААКнын акцияларынын 98,463175675 пайызын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |