Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-марты № 108-б
"Манас Банк" жабык акционердик коомунун акционери В.В.Белокондун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы доо арызына байланышкан соттук териштирүүнүн алкагында 2014-жылдын 15-январындагы Париж шаарындагы (Франция) Арбитраждык трибуналдын жол-жоболор буйругуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министр лиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен "Соттун чечимдерин аткаруу жана багпка сот жол-жоболору" 26630-беренеси боюнча берилген реквизиттерге ылайык Париж шаарындагы (Франция) Арбитраждык трибун ал ына 75 000 EUR (жетимиш беш миң) евро өлчөмүндө арбитраждык жыйымдарды жана чыгымдарды төлөөнү ишке ашырсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр милдетин аткаруучу |
Ж.Ж. Сатыбалдиев |