Редакцияот 25.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 25-марты № 109-б

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, депутаттарды шайлоону өткөрүү убагында шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендерин ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө карата текшерүү жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэри (макулдашуу боюнча):

- шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;

- шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзүшсүн;

- шайлоо комиссиялары үчүн жай бөлүп берүү, аларды автоунаа, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

милдети аткаруучу

 

Ж.Ж. Сатыбалдиев