Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-марты № 112-б
Жергиликтүү бюджетти аткарууда финансылык кыйынчылыктардын пайда болушуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан карыздарды төлөөгө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан республикалык бюджеттен алынган 100 (жүз) млн.сом суммасындагы бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;
- бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтүн узартууну эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы менен 2013-жылдын 30-октябрындагы № 1 Ссуда келишимине кошумча макулдашуу түзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдети аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |