Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-апрели № 118-б
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (Өнүктүрүү саясатын колдоо максатындагы экинчи операция) боюнча Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-апрелинде болуучу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Жолдубаева Индира Ырысбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Касымов Жыргалбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кожомбердиев Урмат Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармасынын начальниги; |
Сулейманов Бахадыр Искакович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Тойчубеков Юруслан Жуманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Турганбаев Төлөн Самудинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Чокоев Заир Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (Өнүктүрүү саясатын колдоо максатындагы экинчи операция) боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |