Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 21-январы № 8
(КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2013-жылдын 21-февралындагы № 33 буйругунун редакциясына ылайык)
Мурда аскердик кызматта жана укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн пенсионерлерге паек акчаларын төлөөгө байланыштуу болуп жаткан кырдаалды жайгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирдиктүү позициясын иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мурда аскердик кызматта жана укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн пенсионерлерге паек акчаларын төлөө маселесин жөнгө салуучу мыйзамдык базасын изилдесин жана талдасын;
- бул маселени чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарына жана соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгынын атынан чыгуучу адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул маселе боюнча иштелип чыккан позициясы жөнүндө багыт берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бул буйрукту ишке ашырууга байланышкан маселелерди координациялоо үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко кызыкдар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын рангындагы башчысына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.С. Момуналиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2013-жылдын 21-январындагы № 8 буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2013-жылдын 21-февралындагы № 33 буйругунун редакциясына ылайык)
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Байтолоев К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Анцупов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин азык-түлүк бөлүмүнүн начальниги; |
Балмухамбетов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын финансы-чарба башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Жээнтаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарба башкармасынын начальниги; |
Календеров У.И. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын начальниги; |
Курманбаева А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкы башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Тотаев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук бөлүмүнүн начальниги. |
Асанакунов Р.И. |
| - "К.Асаналиев атындагы Аскер Омбудсмени институту" коомдук бирикмесинин өкүлү киргизилсин (макулдашуу боюнча). |