Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 25-январы № 18
М.К.Салимовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн аны 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болуп өткөн талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан деп эсептөө жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |