Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 14-февралы № 27
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 27-февралындагы № 38 буйругуна ылайык)
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча консультациялык-эксперттик топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Шадыбеков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, консультациялык-эксперттик топтун жетекчиси; |
А.Э.Курманова | - | Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин статс-катчысы, консультациялык-эксперттик топтун жетекчисинин орун басары. |
Тарбинский О.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Укаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти; |
Алиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамаппараттардын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамаппараттар бөлүмүнүн штаттык санды жана эмгек акыны талдоо секторунун башчысынын милдетин аткаруучу; |
Мурзаев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Третьяков А.В. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Жаркынбаев А. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Чекиров А.А. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Капарова А.А. | - | ПРООНдун координатору (макулдашуу боюнча). |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 27-февралындагы № 38 буйругуна ылайык)
2. Консультациялык-эксперттик топ аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын иштеринин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык жана вариативдүү көрсөткүчтөрүн өркүндөтүү боюнча туруктуу негизде консультациялык жана методикалык көмөк көрсөтөөрү белгиленсин.
3. Консультациялык-эксперттик топ белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин жана адистерин, көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана мекемелерден зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине консультациялык-эксперттик топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоону өзүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында ишке ашыруу сунушталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |