Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдин 23-октябры № 249
"Партнерская группа "Прецедент" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн, үчүнчү жак болгон Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин үстүнөн мамлекеттик бийлик органынын аракети жана аракетсиздиги жөнүндө талашкан доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө боюнча секторунун башчысы Шайбылдаев Айбек Асановичке баардык соттук жыйындарда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |