Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 9-октябры № 238
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокурорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын үстүнөн, үчүнчү жактар "Кыргыз Сервис", "ARMS-КЕЛЕЧЕК МУУНДАР СООДАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК КОМПАНИЯСЫ ЛТД" ЖчКлардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-февралындагы № 67-б буйругун жараксыз деп эсептөө жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармасынын жетектөөчү адиси Нурманова Майрамкан Райымбековнага баардык соттук жыйындарда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |