Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 24-сентябры № 229
Жаран Б.Н.Ногойбаевдин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин үстүнөн кызматтык маяна, өрт өчүрүүгө байланышкан жумуш, ошондой эле эмгектин оор, зыяндуу жана өмүргө тобокелдүү шарттары үчүн кошумчалар боюнча карызды өндүрүү жөнүндө берген доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына, аны кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевичке баардык соттук инстанцияларда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин биринчи Орун басары |
М.К. Мукамбетов |