Редакцияот 16.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2013-жылдын 16-июлу № 166

"Союз Интернет-Сообществ" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш кызматынын укуктук камсыздоо башкармасынын начальнигинин орун басары Жунусалиев Рустамга бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

Н.С. Момуналиев