Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 5-февралы № 22
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2012-жылдын 17-декабрындагы чечимин ишке ашыруу жана "Ош - Баткен - Исфана" автомобиль жолунун участогун жана Ош шаарынын шаардык жолдорун (айланып өтмө жолду жана аэропортко баруучу жодду) катыбына келтирүү боюнча курулуш иштерине подрядчыны тандоо боюнча өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыктарын иликтөө максатында, ошондой эле ушул маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Байгончоков Мирланбек Конушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Зулпукаров Төрөбай Закирович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Асанов Курсам Сатарович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Ибраев Келдибек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссия "Ош - Баткен - Исфана" автомобиль жолунун участогун жана Ош шаарынын шаардык жолдорун (айланып өтмө жолду жана аэропортко баруучу жолду) калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерине подрядчыны тандоо боюнча еткерүлгөн тендерлердин жыйынтыктарын бир жумалык мөөнөттө иликтесин жана ушул маселе боюнча корутунду киргизсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |