Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 21-июну № 143
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (мындан ары - «Бишкек» ЭЭА) башкы дирекциясынын «Бишкек» ЭЭАнын Инвесторлор ассоциациясынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келген кайрылууларында баяндалган фактыларды иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Панкратов О.М.
| Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Ажибаев М.Р.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын эркин экономикалык аймактардын субъекттерин контролдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Акиев М. Б.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Мамбеталиев А.Б.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү башкармалыгынын кызматкери;
|
Текебаев Т.Т.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик эмгек инспектору;
|
Шапаков У.К. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерге каршы аракеттенүү башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө «Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын, «Бишкек» ЭЭАнын Инвесторлор ассоциациясынын кызматкерлеринин кайрылууларында баяндалган фактыларды иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комисснянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |