Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 15-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тендердик комисснянын 2012-жылдын 12-октябрындагы протоколун жараксыз деп эсептөө жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Xinjiang Beixin Road and Bridge» (КЭР) компаниясына Ош-Баткен-Исфана автожолун реабилитациялоо боюнча долбоордун алкагында курулуш , иштерин жүргүзүүгө контрактты берүүдөгү иштерин мыйзамдуу деп эсептөө жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын финансы министри Лаврова Ольга Владимировнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |