Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 26-февралы № 35
"Бишкеккурулуш" өндүрүштүк- курулуштук фирма" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн 385 167 (уч жүз сексен беш миң жүз алтымыш жети) сом суммасындагы карызын өндүрүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармасынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурманова Майрамкан Райымбековнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |