Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 26-февралы № 37
"Балыкчы эт комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин үстүнөн 44 435 473 (кырк терт миллион төрт жүз отуз беш мин төрт жуз жетимиш үч) сом суммасындагы карызын өндүрүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Нурбек Кудайбердиевичке, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Сыдыкова Аяна Жоомартовнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |