Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 11-марты № 47
А.С.Токтоналиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын үстүнөн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 23-августундагы № 616 буйругун жараксыз деп эсептөө, кызматына кайрадан орноштуруу жана аргасыз бош жүргөн убактысындагы эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармасынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги Карагул уулу Жакыпка бардык соттук отурумдарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөруп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин-министр |
Н.С. Момуналиев |