Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 11-марты № 44
"О.К.К.В" жоопкерчилити чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн чет мамлекеттин чечимин моюнга алуу жана аткаруу жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармасынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурманова Майрамкан Райымбековнага бардык соттук отурумдарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |