Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 11-марты № 45
А.А. Сартаевдин, З.Н. Намазовдун жана Т.А. Бейшенбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин үстүнөн паек акчадагы айырманы кошумча төлөп берүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Нурбек Кудайбергеновичке, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Сыдыкова Аяна Жоомартовнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |