Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-ноябры № 345
Консультациялык жардам көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жоболорунда камтылган нормаларды сапаттуу иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун ишин жөнгө салуучу документтерди, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун сапаттуу иштеп чыгууда консультациялык жардам көрсөтүү боюнча жумушчу тобу (мындан ары - жумушчу тобу) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу тобунун ишинин тиркелген графиги бекитилсин.
3. Жумушчу тобунун жетекчисине аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери жумушчу тобунун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу тобуна № 1 мамлекеттик резиденциядан бөлмө жай, ошондой эле иш үчүн зарыл жабдууларды жана материалдарды берсин.
Премьер-министри | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 9 -ноябрындагы № 345 буйругуна тиркеме |
Тарбинский О.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары -адмннистрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги, жумушчу тобунун жетекчиси,
|
Мамбеталиева Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу тобунун жетекчисинин орун басары,
|
Ташбаев У.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча),
|
Жолдубаева И.Ы.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматынын укуктук экспертизалар секторунун башчысы (макулдашуу боюнча),
|
Укаев К.К.
| -- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы комиссиянын ишин камсыз кылуу жана кадрлардын эсебин алуу кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча),
|
Акматов М.С.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы,
|
Укушов М.К.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы,
|
Шадыбеков К.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы,
|
Сардыбаев С. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча),
|
Джунушалиев М.Т. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча),
|
Исаев Н.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюйча),
|
Солтобаева Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертизалар башкармалыгынын башкы адиси, жумушчу топтун катчысы. |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчиси |
А.Карашев |