Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-июну № 214-б
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын ички рыногунда тамак-аш продуктуларына бааларды турукташтыруу маселелерин ыкчам чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Азербайжан Республикасынан Кыргыз Республикасына кумшекер алып келүү боюнча оператор болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Азербайжан Республикасынын "Azerbaycan Seker Istensalat Birliyi MMC" компаниясынан 10,0 миң тоннадан кем эмес кумшекерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алсын;
- кумшекердин жана аны алып келүү, ташуу, сактоо, түшүрүү, сатуу боюнча кызматтардын акысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөсүн;
- кумшекерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобого ылайык, иш жүзүндө пайда болгон өздүк наркынан төмөн эмес баада сатсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |