Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-декабры ПБ № 180
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында 2012-жылдын 22-декабрында кар көчкүсүнүн кесепетинен бойго жете элек кыздардын - 1997-жылы туулган Жеңишбек кызы Тахминанын жана 1997-жылы туулган Замирбек кызы Дилбардын кайгылуу каза болгондугуна байланыштуу:
1. Курман болгон кыздардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү максатында Президенттик социалдык жактан коргоо жана колдоо фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүнсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |