Редакцияот 31.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2014-жылдын 31-марты № 46

Саясий ишмер Иманалы Айдарбеков жөнүндө китеп чыгарууда Айдарбекова Зифаргүлгө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев