Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-январы ПБ № 11
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген максаттарга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп диний маданиятты өнүктүрүү эсептелет, анын ажырагыс бир бөлүгү болуп диний агартуу саналат.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында түзүлгөн диний кырдаал карама-каршы мүнөзгө ээ болууда. Бир жагынан өлкөдө жарандар үчүн өзүнүн динин эркин тутууга жана жайылтууга бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол эле мезгилде айрым диндердин өкүлдөрүнүн ишинин радикалдашуусу, анын саясатташуусу, мамлекет менен диний уюмдардын натыйжасыз өз ара аракеттенүүсү, диний билим берүү системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана аларга талаптагыдай мамлекеттик жана коомдук контролдун жоктугу сыяктуу бир катар проблемалар бар.
Жарандардын диний маданиятын жана диний агартуусун колдоо жана өнүктүрүү өлкөдөгү туруктуулукту сактоо факторлорунун бири болуп эсептелет.
Жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында:
1. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду (мындан ары - "Ыйман" фонду) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси "Ыйман" фондунун мамлекеттик каттоосунун жана иштөөсүнүн уюштуруучулук-укуктук маселелерин он күндүк мөөнөттө чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине "Ыйман" фондунун уюштуруучусунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга ыйгарым укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |