Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-январы ПБ № 5
1. Кыргыз Республикасы менен Фиджи Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |