Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-январы № 12-б
РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгына даярдык көрүү жана ага арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Масалиев И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Орозалиев Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Каганер М.В. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мусаев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Нышанов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Иманалиева Э.С. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри; |
Жоробекова Ш.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Орозбай кызы Кайыргүл | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Б.С. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору; |
Черняк П.Д. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактору (макулдашуу боюнча); |
Садыков С.М. | - | "Эркин Тоо" газетасынын башкы редактору (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов К.С. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору башкы редактору (макулдашуу боюнча). |
2. РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 2010-жылдын 26-февралында өткөрүлсүн.
3. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |